Коом
11-мартка карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас өрөөнүндө +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарында +2…+7 градус жылуу болот.
Түнкүсүн Бишкекте жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ошто +15…+17 градуска көтөрүлөт.