Коом

Баткен облустук милициясына 16 кызматтык унаа тапшырылды

Баткен облустук милициясына «ВАЗ-НИВА-21214» үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар бүгүн, 11-мартта Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аталышындагы форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды.

Белгиленгендей, иш-чара элдин коопсуздугун чыңдоого жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган.

«Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button