Рамазан айында туура тамактануу эрежелерин кармоо зарыл экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан эскертишти.

Кыргызстандык дарыгерлер орозо кармаган адамдардын тамактануусу боюнча төмөнкүлөрдү сунуштады:

оозду суу менен ачкандан соң курма (финик) жемиши сунушталат. Себеби ал адамга күч-кубат боло турган углеводго бай. Курамында магний менен калий көп болгондуктан тамак сиңирүүгө жардам берет;

сууну көп ичиңиз. Күндүз чаңкап калбоо үчүн адам өзүнүн бир килограмм салмагына 30 миллилитр сууну эсептеп алган дурус, тагыраагы, эгерде салмагыңыз 60 килограм болсо, анда болжол менен 1,8 литр суу ичүү керек болот;

суусата турган туздуу азыктардан оолак болуңуз. Аларга туздалган бадыраң, жаңгак, балык жана консервалар кирет;

мөмө-жемиш менен жашылчаны көбүрөөк жеңиз. Алар организмди суу менен камсыздайт;

ооз ачууну дароо эле коюу тамактан баштаган болбойт, ашказанды оорутуп аласыз. Биринчи шорподон баштап, бир аз убакыттан кийин негизги тамакка өтсөңүз туура болот;

таттуудан убактылуу баш тартып туруңуз. Анткени алар ичти көптүрүп, тамак сиңирүүнү бузат. Мындан тышкары, кандагы глюкоза көбөйүп, кайрадан таттуу жегиңиз келе баштайт. Ошондуктан бул айда таттуу нерселердин ордуна кургатылган мөмө-жемишти жеген оң;

уйкусуздук менен баш оорудан алыс болоюн десеңиз Рамазан айында кофени азайтыңыз;

көбүнчө мөмө кактарын, жаңгак, буурчак, жүгөрү, эт, жумуртка, быштак, банан жана жашылчаларды колдонуңуз. Тамак углеводдон, мал же балыктын майсыз этинен, жашылчалардан турсун. Бул туура тамактануунун булагы болуп саналат.