Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору туура эмес тамактануу эмнеге алып келерин тизмектеп берди.

Дарыгерлердин айтымында, кээ бир азыктарды тамак-ашта ашыкча көлөмдө колдонуу ден соолукка олуттуу көйгөй алып келет.

Алардын бири — шекер. Аны көп жегендер ашыкча салмак кошуп, семирүүгө, кант диабетине, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгат. Чоң адамдар үчүн кантты керектөөнүн бир суткалык нормасы 50 грамм (10 чай кашыктан көп эмес) болуп эсептелет. Ал эми тузду ашыкча колдонуу кан басымды жогорулатып, инфаркт менен инсультка себепкер болушу мүмкүн. Андыктан адистер күнүмдүк нормадан, тагыраагы, беш граммдан (1 чай кашык) ашырбай колдонуу зарылдыгын эскертет.

Трансмайлар. Бул азык тазаланган ар кандай майларда, маргаринде жана аны менен катар эле таттуу токочторду жасоого колдонулган майлардын курамында кездешет. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтүп, кант диабети, семирүү, гипертония, инфаркт менен инсульттун пайда болушуна шарт түзөт. Дарыгерлер трансмайларды суткасына 1-2 граммдан ашык жегенге болбой турганын айтат.

Дарыгерлер муну менен катар эле адамдарды күнүнө 400 грамм мөмө-жемиш менен жашылча жегенге чакырган. Бирок бул тизмеге картошка кирбей турганын эскертишти.