Коом

Бишкекте жогорку технологиялуу рентген хирургия борбору ачылды

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентген-хирургиялык борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыра Бейшеналиевдин айтымында, бул борбор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “COVID-19га өзгөчө чара көрүү” долбоорунун алкагында ачылды.

“Аппарат клиникалык практикага уникалдуу минималдуу инвазивдүү эндоваскулярдык операцияларды киргизүүгө салым кошот, бул миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап калат. Жыл сайын бул аппараттын аркасында инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка оор ооруларына 3 миңден 5 миңге чейин операцияны бекер жасоо пландалууда”, — деди ал. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button