Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Иш-чарага КФБге мүчөлүк кылган уюмдардын өкүлдөрү, биримдиктин кызматкерлери, ошондой эле, Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү Йогеш Десай жана Рузбе Маяхи катышышты. Мезгил кутучадагы келечек муунга болгон кайрылуусун КФБ Президенти Камчыбек Ташиев калтырды.

КФБнын Спорт комплексинин курулушу Азия футбол конфедерациясынын «AFC Enhance Programme 2023: Stadium» өнүктүрүү программасынын жардамы менен башталды.

«Өзүңүздөр билгендей, өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаров кэчээ күнү «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Аталган Жарлыктын чыгышы Президентибиз жана мамлекетибиз тарабынан футболго спорттун бир түрү катары колдоосу күчөгөндүгүнөн кабар берет. Анда белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу өлкө футболун көзөмөлдөгөн башкы орган катары – Кыргыз футбол биримдигинин жана анын мүчөлөрүнүн түздөн түз милдети. Бул милдетти биргелешкен күч-аракеттер менен сөзсүз ишке ашырабыз!

Президенттин Жарлыгында дагы футболдун материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсүнө басым жасалган. Башка футболдук уюмдарга үлгү болуу үчүн Кыргыз футбол биримдигинин башкы административдик кеңсеси жайгашкан территориалдык инфраструктурасы ар түрдүү объектилерди камтуусу зарыл. Андыктан, бул спорт комплекстин курулушу чоң мааниге ээ»,- деп уюмдун Президенти өз сөзүндө белгиледи.

Комплекс Бишкектин футболдук борборунда жайгашып, анын жалпы аянты 3 012,44 м2 түзөт. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт.