Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

“Калдыктарды акчага айландыруу” долбоорунун максаты – германиялык технологияны колдонуу менен ар кандай көлөмдөгү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү, жарактан чыккан дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компанинин” ишканасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, желим буюмдардан чыккан калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.

Учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар бөлүнгөн.

Өндүрүлгөн продукциялар Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.

Завод жаш балдардын спорт аянтчаларын курууда колдонулуучу продукцияларды да чыгарууну пландаштырууда. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров мындай аянтчаларды өлкөдөгү мектептерге жана сейил бактарга орнотуу үчүн буйрутма берүүгө даяр экенин белгиледи.