Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) айдоочусу, жансакчысы жана ишенимдүү санаалашы болуп жүргөн “Данила” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү С.Д. кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү “адам урдоо” беренеси менен бир нече жолу соттолгон.

“Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканына карабастан, ал кылмыштык идеологияны колдоону улантып, абактагы адамдарга каржылык колдоо көрсөтүп, азык-түлүк киргизип турган”, – деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн жанынан Макаров үлгүсүндөгү курал ок-дарылары менен табылып, анын мамлекеттик номурлары өчүрүлгөнү аныкталганы айтылды. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.