Бүгүн, 26-мартта саат 20:30 чамасында УКМКнын борбордук аппаратына Матраимовдор жеткирилди. Булактардын маалыматы боюнча, Бишкек шаарына Азербайжандын Баку шаарынан Раимбек жана Тилек Матраимов алынып келди, — деп жазды Акипресс маалыматтык агенттиги.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго УКМК издөө жарыялаганы 26-январда маалым болгон. Иш КР Кылмышжаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) менен козголгон.
Издөөдө жүргөн Р.Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталганын УКМК 22-мартта билдирген.
«Буга байланыштуу аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда Азербайжандын укук коргоо органдары менен биргеликте аны кармоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. Комитет ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды», — деп айтылган маалыматта.

22-март күнү УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн: Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И. аттуу шектүүлөрдү кармашкан.
22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. БШК Матраимов өзү депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазганын билдирди. Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин алтынчы жана жетинчи чакырылышынын депутаты. Ал УКМК Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.