Президент Садыр Жапаров бүгүн Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Элчиге аткарган иши жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык корпустун дуайени катары активдүү иши жана өлкөдө өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чараларына ар дайым катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Андрей Страчконун дипломатиялык миссиясы учурунда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикасы кыйла активдешкенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Беларустун элчиси өлкөдө болгон 7 жылдын ичинде Кыргызстандагы олуттуу өзгөрүүлөргө, түздөн-түз элдин бакубаттуулугун камсыздоого багытталган саясий жана социалдык-экономикалык реформаларга күбө болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров өзгөрүүлөр багытын улантуунун алкагында өнөр жай секторун өнүктүрүү мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине өзгөчө басым жасады. Бул жагынан алып караганда биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууда зор потенциал көрүнүп турат, алар боюнча Беларустун бай тажрыйбасы бар. Ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ишке ашырылбаган потенциалын толугу менен пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Андрей Страчко президент Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи 2017-жылдан тартып Кыргызстанда болгон мезгилде өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн канааттануу менен белгилеп, кыргыз экспортунун өсүү темпи жогору экенин айтты.

Ошону менен бирге Андрей Страчко Беларусь тарап Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып турганын жана өлкө тандап алган, элдин кызыкчылыгына жооп берген өнүгүү жолу улана берет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Аягында президент Садыр Жапаров Андрей Страчкого алдыдагы жаңы мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.