Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.    

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 25-мартында КР УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбек Ысмайыловичти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

Белгилей кетсек, Р.Матраимов жоюлган “Мыйзамдагы ууру” К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Р.Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.