Кыргызстандыктар тузду ашыкча колдонушат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өлкө жашоочуларынын ар бири күнүнө орто эсеп менен 17,24 грамм туз жейт. Бул көрсөткүч Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушунан дээрлик 3,5 эсеге көп. Адам күнүнө беш грамм гана туз колдонушу керектиги эскертилип келет.

Департамент күнүмдүк тамак-аштан тузду азайтуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

кайра иштетүүдөн өткөрүлбөгөн, табигый азыктарды алганга аракет жасаңыз;

тамак-аштын даамын арттыруу үчүн жашылча-жемиш колдонуңуз;

тузду көк чөп жана башка татымалдарга алмаштырыңыз;

сууну көп ичиңиз.