КеңешКоом

D витамини кайсы азыктарда көп? Тизме

Организмде D витаминин толтурууга кайсы азыктар жардам берерин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Татьяна Залетова айтып берди.

Бул витамин адатта териге ультра кызгылт көк нурлар тийгенде иштелип чыгары айтылат. Күн нуруна чыкпаган адамдарда витамин жетишсиздиги пайда болот.

«Күндөн жана азыктан алган D витаминдери албетте айырмаланат. Азыктар берген витамин организмдеги жетишпеген заттарды толуктай алат десек болот. Биринчи кезекте майлуу балыктар — лосось, сельдь, скумбрия D витаминине бай», — деди адис.

Ошондой эле сүт азыктарынан аталган витаминдерди алса болот.

«Өзгөчө быштак менен сырды жеш керек. Аларда D витамининин сырткары кальций бар. Экөө биргеликте сөөк ткандарына пайдалуу заттардын сиңишин жакшыртат. Бул процесс балдарга, өспүрүмдөргө, кош бойлууларга жана улгайган адамдарга өтө керек», — деди Татьяна Залетова.

Мындан сырткары, козу карын дагы D витаминин толуктай аларын, бирок аны бардыгы эле аш кыла албай турганын айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button