Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болгон катуу шамалдын кесепетинен 24 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Анын төртөө ооруканага жаткырылса, калгандарына амбултордук жардам көрсөтүлдү. Жабырлануучулардын биринин абалы орточо оор, калгандарыныкы канааттандырарлык деп бааланууда.

«Алардын көбү башынан жана денесинен сыйрылган, кесилген жаракаттарды алышкан, биринин жамбаш сөөгү сынган», — деп айтылат маалыматта.

28-мартта Бишкек жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамал катталган. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган.