Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов министрликке караштуу №57 жана №167 «Мөл-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр эки бала бакчанын ишмердүүлүгү менен толук таанышып чыккан соң, мекеме жетекчилери менен учурдагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүп, бир катар чечимдерди кабыл алынды. Алар:

  • «№167 Мөл-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү жана балдар аянтчасын куруу;
  • «№57 бала бакчасы» мекемесинин имаратын жаңы куруу, мекеме жетекчилерине анын долбоордук сметасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, аталган бала бакчалар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу түзүм болуп саналат. Ал маданият тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлердин балдарын мектепке чейинки тарбиялоо максатында түзүлгөн.

Учурда «№57 бала бакчасы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бүгүнкү күндө 60 бала жана “167 Мөл-Булак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жалпы 236 бала тарбияланууда.