Коом

Баткен облусунун аймагында массалык ишембилик өттү. Сүрөттөр

Ишембиликте айлана чөйрөнү тазалоо,, имараттарды жана турак үйлөрдү, коомдук жайларды актап сырдоо, оңдоп түзөө, сугат арыктарын чабуу, гүл жана бак дарак көчөттөрүн отургузуу иштери жасалды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ишембилик айлана чөйрөнү тазалоо жана көчөт отургузуу иштери КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жж. тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө жарлыгынын, КРнын Министрлер Кабинетинин “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүүнүн үч айлыгын жарыялоо жөнүндө буйругунун алкагында уюштурулууда.

Бул күнү бак дарак көчөттөрүн отургузуу боюнча;

КАДАМЖАЙ районунун Масалиев айыл аймагынын борбордук стадионуна 150 даана ийне жалбырактуу, 50 даана сосна дарагы, 200 даана бир жылдык гүл отургузулду. Ак-Турпак айыл аймагына 1400 даана, Орозбеков айыл аймагына 300 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп жатат. Ал эми “Бир мекеме — 100 көчөт” өнөктүгүнүн алкагында ЖДПБру тарабынан 89 даана ийне жалбырактуу, 60 даана бир жылдык гүлдөр, райондук архитектура башкармалыгы тарабынан 100 даана павлония дарагы отургузулду.

ЛЕЙЛЕК районунда Саркент жаратылыш паркына 400 даана жаңгак, ак кайың, тал-теректер, Арка токой чарбасынын аймагына 1000 даана саксаул көчөттөрү жана “Бир мекеме -100 көчөт” өнөктүгүнүн алкагында Раззаков шаарынын «Талант-Ордо» паркына 100 даана өрүк көчөтү отургузулду. Ал эми Лейлек айыл аймагында 900 көчөт,Катраң айыл аймагында 100 түп ак кайың көчөтү Козу-Баглан дарыясынын боюна отургузулду. Мындан сырткары Раззаков-Баткен жолунун боюна мекеме ишканалар тарабынан көчөттөр отургузулуп жатат.

БАТКЕН шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн боюна жана мекеме ишканалардын короолоруна жалпы 300 көчөт отургузулуп, дагы көчөт отургузуу үчүн жерди даярдоо иштери аткарылды.

КЫЗЫЛ-КЫЯ шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгындагы аллеяга 20 павловния дарагы отургузулду. Ал эми шаардык каржы башкармалыгы тарабынан Восток жаңы конушундагы аллеяга 100 түп “ясень” көчөтү отургузулуп, көчөттүн башка түрлөрүн отургузуу үчүн орундарын даярдоо жумуштары аткарылды. Кызыл-Кыя шаардык Жалпы дарыгердик практика борборундагы скверге да арча, павловния жана гүлдөр отургузулду.

БАТКЕН районундагы Кара-Булак айыл аймагына 72, Суу-Башы айыл аймагы 70, Дара айыл аймагы 55, Төрт-Гүл айыл аймагы 120, Кара-Бак 150, Ак-Сай 55, Самаркандек 100, Ак-Татыр айыл аймагында 125 көчөт отургузулду.

СҮЛҮКТҮ шаарында 75 мөмөлүү, 8 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду.

Быйылкы жылдын эсебинен бүгүнкү күнгө, жалпы облус боюнча 21миң көчөт отургузулду.

Белгилей кетсек, бүгүн облус аймагында аба ырайынынын жаан чачындуу келгендигине байланышуу бир катар көрктөндүрүү иштери башка күнгө жылдырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button