Коом

Бишкекке Европадан туристтер менен туристтик поезд келди

Бишкекке бүгүн Европадан туристтер менен туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Бул быйылкы жылдын эсебинен келген алгачкы туристтик поезд.
Жалпысынан Австралия, Англия, Швейцария, Австрия жана Германиядан 50дөн ашуун турист келди.
«Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына темир жол аркылуу өлкө ичинде саякаттоо үчүн Кыргызстанга туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. «Кыргыз темир жолу» ишканасы коноктордун каалоосун эске алуу менен темир жол транспорту менен коопсуз жүрүүнү уюштурууга көмөк көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.
Туристтик поезд каттамы — Алматы – Балыкчы – Бишкек – Түркмөнстан, Ташкент – Түркмөнстан – Бишкек – Балыкчы – Алматы. Поезд 9 вагондон турат. Бул туристтик поезд 2022-2023-жылдары да келген.
Туристтер Ысык-Көл облусуна барышты, бүгүн алар Ала-Арча жаратылыш паркына жана Бишкек шаарын кыдырышат. Жалпысынан 50дөн ашык турист келген.
«Быйылкы жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстандын популярдуу туристтик аймак катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, туризм тармагындагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт», — деп кошумчалашты «Кыргыз темир жолунан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button