Коом
Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык. 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына кооптуу.