Коом

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу аземине КР Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана шаарынын тургундары катышты.

Жалпысынан 30,65 гектар аянтка 3 миң батирлүү 64 үй куруу пландаштырылууда. Бул долбоор жергиликтүү калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана аймактагы жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууну көздөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button