Кылмыш-кырсык

Активист Акжолтой Тукунов ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды

Активист, Монополияга каршы кызматтын директорунун мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов милиция тарабынан кармалды.

Маалым болгондой, ал 17-апрелде кармалган. Бүгүн, 19-апрелде сотто анын бөгөт чарасы каралып, Тукунов 2 айга камакка алынган.

Ал «массалык баш аламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталууда.

Тукунов 2022-2023-жылы Монополияга каршы кызматтан директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, ага 2021-жылы «Фейсбукта» жазган билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча Чүйдүн милициясы маалыматты тактап берерин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button