Коом

Оорулар эмнеге көбөйдү?

Жаңы доорго өтүү башталгандыктан, жаңы доордун таза, күчтүү, сапаттуу энергиясын көтөрө албай, азыркы тапта ооруган адамдар көбөйүүдө. Өзгөчө нерв, жүрөк, боор, өпкө, баш оору, кан басымдын жогорулашы, кант оорусу, рак оорусу, буту-колдун сөөктөрү ооруп жатат. Адамзат жаңы энергияга өтүүгө даяр эместигин көрсөтүп жатышат. Мисалы, рак ооруусу таарынчак, кечиргенди билбеген кекчил адамдарда пайда болсо, кант диабети сүйүүдөн көӊүлү калган,сүйгөндү билбеген, өзү да сүйүүгө муктаж болгон,өзүмчүл адамдарда пайда болот. Буту-колу, сөөктөрү ооругандар материалдык дүйнөгө байлангандар жана ушу сыяктуу мисалдар.

Ар бир ооруу адамдын ой-толгоосунан, ниет- пейилинен, жашоо образына жараша ооруну өзү чакырып, ооруга өзү шарт түзүп берет. Оору – бул адамга берилген сигнал. Кайсыл орган ооруса ошол жерге терс энергия чогулган. Демек, адам өзү ошол оору эмне себептен пайда болгонун ойлоп көрүп, ооруну пайда кылган мүнөзүн, оюн, сөзүн, жашоого болгон көз карашын оңдошу керек. Антпесе оору айыкпайт. Башка бирөөнүн жардамы убактылуу гана жардам болуп кала берет. Оорудан айыккың келсе ооруну жараткан себебин оңдош керек.

Академик, эниоинженер Лариса Асанбекова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button