Бүгүн, 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкшам штабдын башчысы Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр бул жүйөнү оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал менен түшүндүрдү.

Боронов бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынганын, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүп жатканын белгиледи. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 18-мартта катталган. Оорунун улам географиясы кеңейип жаткандыктан өзгөчө кырдаал режими, айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген.