Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу абактагылардын айрымдарына мунапыс  берүүнү парламенттин күн мурун болгон жыйынында депутаттар тобу демилгеледи.

Мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 17 эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна демилгечи болгон.

Мыйзамдын долбоору менен төмөдөгү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотуу каралган:

– 60 жашка чыккан жана андан ашкан эркектерди, ошондой эле 55 жашка чыккан жана андан ашкан аялдарды;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

– жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;

– анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды.

Жазаларды аткаруу мекемесинин өкүлү азыркы тапта 9,5 миң эркиндигинен ажыратылган жарандын 237си биринчи берене боюнча мунапыс аларын маалымдады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.