Бул тууралуу 16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Пакистандан, андан кийин Бишкекке учуп келген. 15-марттан 19-мартка чейин Бишкекте болуп, такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адамдын иши тергелип жатат.

Бир сутка ичинде коронавирус аныкталган 17 адамдын 11и Нарын облусунан экени белгилүү болду.