Жогорку Кеӊештин депутаты, «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын мүчөсү Гульшат Кадырова башында турган демилгечи депутаттык топ жалпы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп, талкууга алып чыкты.

Бул депутаттык топтун логикасына ишенсек анда республикадагы жалпы инфиляцияны дал ушул акча алмаштырчу жайлар жасап, доллардын баасын атайын көтөрүп жаткандай сунуш киргизип жатышат.

Улуттук Банк берген гана лицензия менен алар иш алып бараарын, эгерде жасалма жол менен акча алмаштруу жайлары доллардын курсун көтөрсө лицензиялары чакыртып алынаарын билбеген депутаттык топ жок дегенде УБдан сурап коюшса болмок.

Эгерде, акча алмаштыруу жайлары жабылса анда жабык базар ишке кирип, доллардын агымын көзөмөлдөө мүмкүн болбой калаарын билбей жатышат.