Мындан ары милиция кызматкерлери жумушка дезинфекциялык туннель аркылуу өтүшөт. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов дезинфекциялык туннелдерди ооруканаларга жана адам көп келүүчү жайларга да орнотуу пландалып жатканын айтты. Дезинфекциялык туннелдер “Мекеним” улуттук кыймылы тарабынан орнотулду. Аталган кыймылдын активисттери шаардык ички иштер башкармалыгына 400 даана атайын коргоочу формаларды жана 5 миң даана коргоочу бет кап да тапшырышты.