Он жылдан бери Кыргызстандагы муктаждарга жардам берип, ыйлагандын жашын сүртүп, үйү жокту үйлүү кылып, адамдарга мээрим, жылуулук, жаркын жашоо тартуулап жүргөн Ali Ayoubov бир тууганыбыз пандемиянын шартында 2500 азык-түлүк баштыгын даярдап, бүгүн анын 500 баштыгын таратты. Калган 2000 баштыктарды аймактардагы муктаж үй-бүлөлөргө таратып беришет.

Али мырза, Кыргызстандын сиздей боорукер, мээримдүү, эмгекчил достору бар экенине кубанабыз, сыймыктанабыз.

Сизге жана Human-Appeal-International компаниясына, жамаатыңызга терең ыраазычылык билдиребиз.