Улгайган курак, өнөкөт оорулар жана эркек жынысына таандык болуу коронавирусту жуктуруп алуу жана инфекциядан улам каза болуу тобокелдиктерин жогорулатуучу негизги факторлор болууда. Бул тууралуу Англия өлкөсүнүн башкы врачы Крис Уитти билдирген. Анын сүйлөгөн сөзүн  YouTube сайтынан таап көрүүгө болот.

Уитти билдиргендей коронавирустун курмандыктары болуп көбүнесе кары курактагы адамдар саналгандыктан, пандемия учурунда аларды коргоп калуу абзел.

Мындан сырткары, тобокелдик зонасында коштоочу оорулары, маселен жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган адамдар  дагы бар. Уиттинин белгилөөсүндө коронавирустан каза болгондордун 90%ын дагы бир нерсе түзөт.

«Тобокелдик факторундагы адамдардын 90%ын эркектер түзүп жаткандыгы биз үчүн таптакыр эле түшүнүксүз болууда»-дейт Уитти.