Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, борбор калааны жаз-жай мезгилдерине карата көрктөндүрүү иштери улантылып жатат.

Учурда «Ала-Тоо» аянтына жылдагыдай гүлдөн куралган саат орнотулат.

Гүл сааттан аянтка келгендер чын эле убакыттын канча болгонун көрө алышат. Ал тогуз түрдүү 15 миң даана гүлдөн жасалууда. «Бул композицияны жасоого «Тазалык» кызматынын 27 жумушчусу иштеп жатат. Агератум, сальвия, тагетис, алиссум, колиус жана башка гүлдөрдүн түрлөрү отургузулууда», — деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө. Шаардын башка жайларында да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жоогазындардан кийин алардын ордуна жана жалпы эле шаарды көрктөндүрүүгө бул жылы 18 түрдүү миллиондон ашуун көз жоосун алган кооз гүлдөр отургузулаарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.