Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейс уюштуруу пландалууда.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте улуу муундагы жарандар, жаш балдар, аялдар, ошондой эле ооруп жаткан жарандар алынп келинмекчи.

Учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги траабынан жарандарды Түркиянын башка шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилеринен уруксат алуу маселеси чечилүүдө.

Өткөн аптада Кыргызстандын 212 жараны Түркиядан алынып келинген.