Учурда Кыргызстанда коронавирустук эпидемиянын азайышына негиз бар.

Бул тууралуу 24-апрелде өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, 12-марттан баштап, коронавирус инфекциясы биринчи жолу табылгандан кийин, вирусту аныктоо жана изилдөө боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Азырынча көп иш жасалды жана көп нерсе жасалышы керек. Азыр биз кандайдыр бир стабилдүүлүккө күбө болуп жатабыз жана эгер ушул учурда кандайдыр бир чараларды көрсөк, биз төмөндөп кетишибиз мүмкүн», — деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алуунун 656 учуру катталды. Алардын дээрлик жарымы айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.