Кыргызстандын мурдагы экономика министри, президенттин кеңешчиси Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү, министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕАЭБ уюмнун расмий сайтында жарыяланды. ЕАЭБ караштуу бул комиссия тогуз мүчөдөн турат.

Буга чейин бажы кызматташтыгы боюнча министрлик кызматта кыргызстандык Нурлан Акматов иштеген. Олег Панкратов буга чейин, 2019-жылдан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. Аны кечээ президент Сооронбай Жээнбеков кеңешчи кызматынан бошоткон. 2018-жылдын жазында экономика министри болуп дайындалган. 2015-2017-жылдары Экономика министрлигин жетектеген.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирген.