Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустан улам өзгөчө абалды 11-майга чейин узартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эгерде эпидемия кайрадан жанданып кетпесе, мыйзам боюнча 11-майда өзгөчө абал аягына чыгат. Бул кайталанбайт деп ишенем”, — деген президент Токаев.

Маалым болгондой, Казакстанды башка өлкөлөр сыяктуу вирустан жабыркап, бир нече адам көз жумган. Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Казакстанда 16-марттан 1-майга чейин өзгөчө абал киргизилген. Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө COVID-19 жуктурган 2 717 учур катталган. Анын ичинен 27 адам көз жумса, 682 киши айыгып кеткен.