Кыргызга патриоттук ырлары менен таанымал болгон КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтаны тууралуу анын жакындары кабарлады.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

“Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар”, “Жүрөктөгү бороон” ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштаган. Андан кийин “Кыргыз Туусу”, “Бишкек таймс”, “Агым” гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта “Азаттык” радиосунда иштеп жаткан.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

Зайырбек Ажыматовдун артында төрт баласы калды.

Акындын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.