Бүгүн, 1-майдан тарта Кыргызстанда 130 миңге жакын адам жумушка чыгат. Өкмөт кабыл алган чечимге ылайык, өнөр жай өндүрүшү, тоо-кен, энергетикалык тармак, текстиль, эмерек чыгаруу ишканалары, курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери ишин жандандат.

Ошондой эле дөңгөлөктөрдү желимдөө борбору, интернет дүкөндөр, курулуш материалдарын саткан жайлар, жашылча базарлар, чач тарачтар жана такси кызматы иштей баштайт.

Борбор калаадагы бардык карантиндик-блок посттор да алынары айтылган.