Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев басма сөз катчысы Адилет Султаналиев аны менен макулдашпай билдирүү жасаганы үчүн депутат Каныбек Иманалиевден кечирим сурады. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, Абылгазиев Иманалиевге телефон чалып, өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирген.

“Депутат аны түшүнүү менен кабыл алып, Адилет Султаналиевге эч жаман оюу жок экенин айтып, бирок экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, парламент жана өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу керек экендигин айтты”, – деди депутаттын жардамчысы.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 30-апрелдеги парламенттин жыйынында өкмөттүн өзгөчө абал режиминде ишмердүүлүктү жандантуу тууралуу  токтомдун айрым пункттары  казак өкмөтүнүн токтомунан көчүрүлүп алынганын айтып чыккан.

Буга жооп берген премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев: “Мындай объекттер, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү – Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, алар чындыгында бар жана иштешет, жарандарды жумуш, айлык менен камсыз кылышат”, – деп билдирген.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коңшу өлкөлөрдүн документтерин колдонору тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын, тексттердеги каталар телефондогу же компьютердеги автоматтык котормонун кемчилдиги болуп саналарын маалымдаган.

Булак: Жебе медиа