Дональд Трамптын администрациясы Айдан кен казуу тууралуу эл аралык келишимдин долбоорун даярдоодо жана бул макулдашууга Россиядан башка бир катар өлкөлөрдүн тартылаары пландалууда. Бул тууралуу Рейтер дүйнөлүк маалыматтар агенттиги билдирген.

Агенттиктин билдирүүсү боюнча Artemis Accords деп аталуучу бул документ келечекте айдан орун алуучу базалардын «коопсуздук зонасын» түзүү, ошондой эле жакын аралыкта иш алып баруучу атаандаш өлкөлөр тарабынан болуучу тоскоолдуктарды алдын алуу максатын көздөйт.

Белгилей кетчү нерсе, АКШнын атайын кызмат адамдары жакынкы жумаларда бул тууралуу Канада, Япония, ЕБ өлкөлөрү жана БАЭ менен макулдашууну расмий талкуулайт.