Өзбекстандагы Сардобо суу сактагычынын батыш тарабындагы дамба 1-майда жарылып, ошол аймакты суу каптаган. NASA бул аймактан тартылган сүрөттөрдү салыштыруу үчүн жарыялады.

Сырдарыя облусундагы бул суу сактагычтын курулушу 2017-жылы аяктаган. Ал аймактагы сугат жерлерге суу жеткирүү үчүн 920 миллион куб метр сууга ылайыкталган.

Буга чейинки маалыматтарда суу каптаган аймактан 70 миңден ашык адам куткарылганы айтылган. Суу Казакстандын чектешкен аймагына да жайылган.

Булак: Баракелде кж