Борбор шаарыбыз Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.

Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат.

“Тилекке каршы, ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болуп жатат. Көпчүлүгү маска тагынган эмес жана санитайзерлер жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарына Эреже бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүүдө.

Мобилдик топтор Биринчи май районунда 110, Свердлов районунда 90 жана Ленин районунда 90 ишкананы текшерди. Октябрь районунда текшерүү иштери эртең башталат.