Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалын дарыгерлер дагы эле туруктуу оор деп баалап жатышат. Анын абалында жалпысынан жакшы динамика бар экени айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев билдирди. Анын айтымында, чек арачыга эки жолу операция жасалган, андан кийин жаңы операция болгон жок. Биринчиси Баткенден, экинчиси Бишкекке келгенде ичегисинен жасалган. Үмөталиевдин айтымында, азырынча бейтап төшөктөн тура элек.

«Азыр деле туруктуу оор. Эсинде эле. Тамак ичип, сүйлөйт. Динамикасы оң», — деди ал. Султанбек уулу Мирбектин омурткасына ок тийген болчу.

Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алган эле.