Вашингтон коронавирус илдети келип чыккыча эле Пекин менен «өтө ысык мамиледе» болгон деп Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун башчысынан шек саноодо.

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео ДССУ директору Тедрос Адхам Гебрейесус пандемия башталгыча эле Пекин менен жакын байланышта болгонун жана мунун өзү кооптондуруп жаткандыгын айткан менен бул тууралуу жүйөөлүү бир фактыларды келтирген эмес.

Ошондой эле, ал АКШ бийлиги дагы деле болсо коронавирус илдетин келип чыгуусун иликтөө боюнча Австралиянын демилгесин колдой тургандыгын билдирген.