Гонконг университетинин окумуштуулары келемиштерге тажрыйба жүргүзүү менен медициналык бет каптарды коронавирустун инфекциясын алдын алуу үчүн колдонуунун натыйжалуулугун далилдеди деп билдирет Today.rtl.lu.

Окумуштуулар кемирүүчүлөрдү бир нече тордун ичине киргизишкен. Бирөөсү вируска чалдыккан келемиш өзүнчө торго жайгаштырып, калган торчолорго ден-соолугу жакшы келемиштер жайгашкан. Торчолордун ортосундагы бөлүктөр кадимки медициналык маскалар болчу. Желдеткич менен шамал аркылуу торчолордун арасына вирусту чачыратып жиберишкен.

Эксперимент бир жума жүргүзүлгөн. Натыйжада , бет кап менен тосулбаган 15 кемирүүчүнүн 10 у оору жугузган. Ал эми беткап тагылган келемиш коё берилген торчодо 12 синин 4 ө гана ооруу жугузган. «Эксперимент көргөзгөндөй , бет кап ооруудан коргой алаарын айкындады» деп билдирет окумуштуулар.