Түркмөнстандык студент Алмаз Сеидов Iphone смартфонундагы системалык катаны таап чыккандыгы үчүн Apple компаниясынан 3,5 миң доллар өлчөмүндө сыйлыкка ээ болду Бул тууралуу Hurriyet түрк басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Түркиянын Кастамону университетинде окуп жаткан 22 жаштагы Сеидов Apple Store тиркемесинен оюн көчүрүп жатып, андагы системалык каталарды таап чыккан. Бул үчүн Applе компаниясы ага ыраазычылык кат жана 25 миң лира (3,5 миң доллар) сыйлык жөнөткөн.

Ал буга чейин да досунун Iphone үлгүсүндөгү смартфонунан системалык ката таап, 250 лира сыйлык алган. Учурда Сеидов башка операциялык системалардын каталарын издөөгө бел байлоодо.