Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Транспорт жана жол министрлигиндеги коррупциялык схеманы ачыктаганын маалымдады. Маалыматка ылайык, коррупциялык схемага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери катышкан.

«2018-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарына айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алган атайын автоматташтырылган техника орнотулган. Ага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жооптуу болчу. Бирок дирекциянын айрым кызматкерлери бир топ убакыттан бери айдоочулардан көрсөтүлгөн тариф боюнча акча алып турушкан дагы, системадагы маалыматтарды алмаштырып коюшчу. Ортодогу акча өздөрүндө калчу», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге, Финпол дирекция кызматкерлеринин айдоочулардан акча алып, бирок аны системага киргизбей эле өткөрүп жибергендиги боюнча сүрөт далил бар экенин айтышты. «Өткөрмө пункттардагы маалыматтар министрликтеги аткаминерлерге келип турган, бирок алар эч кандай чара көрүшкөн эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мыйзам бузгандар мамлекеттик бюджетти 10 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан. Бул бир эле өткөрмө пункттан түшкөн каражат. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 98-беренесине («Коррупция») ылайык иш козголуп, дирекциянын үч оператору кармалган. Учурда Финпол аткаминерлерден бул ишке кимдин катышы бар экенин тактап жатканын кошумчалады.