Бүгүн, 28-майда, «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу эл аралык форум өттү.

Форум БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча Достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.

Иш-чара видеоконференция форматында өтүп, анын жүрүшүндө БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Германия, Франция, Швейцария, Италия, Улуу Британия, Испания, Канада, Аргентина, Япония, Сауд Арабиясы, Казакстан, Тажикстан, ТАР, Алжир, Гана жана башка Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн лидерлери баяндама жасашты.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилери сөз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Канада Премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайка Премьер-министри Эндрю Холнесс жана БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакыруусу боюнча аталган эл аралык форумга катышып, учурда түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча бир катар сунуштары менен чыгып сөз сүйлөдү.

Атап айтканда, Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы экинчи этап менен саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады.

Мындан сырткары, экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айтты.