“Мен 26-май күнү УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев менен Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев сабаган жабырлануучу Чынгыз Молдокеевдин жубайы болом. Ал күнкү окуяны баштан-аяк толук айтып берейин”, – деп билдирген Ширин Санжарова аттуу жаран «Кыргызтудей» сайтынын редакциясына.

“26-май күнү күндүз биздин короонун, Бишкектин Чыгыз Айтматов көчөсүнүн 93-үйүнүн балдарынын “атамандары” (кийин билсек Айманбаев менен Бакетаевдин 11-12 жаштагы балдары экен) менин 7-9 жаштагы эки баламды сабап коюшуптур. Көрсө Айманбаев менен Бакетаевдин балдары биздин 5 көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун “атамандары” экен. Ал эки “атаман” балдардын баарын сабап, эрктерин сындырып, өздөрүнө баш ийдирип алышыптыр. Балдарды өздөрүнөн улуу балдар урганын угуп, сыртка чыгып, алардын бирин кармап алып (кийин билсек УКМКчы Чынгыз Айманбаевдин баласы экен) “эмнеге өзүңдөн кичүү балдарды урасың? жүр апаңа!” десем, “менин апам жок” деп каяша айтып мени укпай койду. Мен аны опузалап урушуп кетип калгам…

Кечинде саат 21:00 чамасында менин ата-энем келишти, алардан кийин жолдошум Чынгыз Молдокеев жумушунан келгенде биз короодогу дүкөнгө чыгып келели деп подъездге түшсөк эшик ачылганда эле сырттан 3-4 киши кирип келишти. Алдыдагы олбурлуу неме (Чынгыз Айманбаев): “ты отец?” деп сурап эле жооп күтпөстөн менин жолдошум Чынгыз Молдокеевди бет талаштыра уруп калды. Жолдошум күтүлбөгөн соккудан кулап түштү. Айманбаев бардык күчү менен жерде жаткан менин жолдошум Молдокеевди башка-көзгө тепкилей баштады.

Мен жолдошума арача кылайын дегиче болбой мени үч аял сүйрөп кетишти да дубалга башымды сүздүрүштү. Ал аялдар УКМКчы Айманбаевдин аялы жана туугандары экен. Ал аялдар мени ургулап кармап турушту. Ал эми алардын күйөөлөрү үчөөлөп менин жолдошумду сабап жатышты. Бир убакта Чынгыз Айманбаев бычак сууруп чыгып менин жолдошума кезеп: “сени соём! Мен Көлбаевдин кишисимин” деп калганда мени кармап турган аялдардын бири коркуп кетип (кийин билсек ал аял Чынгыз Айманбаевдин эжелери болот экен) чуркап барды да “бычакты мага бер” деп тигинин колун кармады эле ал эжесин түртүп жиберди. Эжеси жерге жыгылып түштү. Эптеп Чынгыз Айманбаевдин колунан бычакты алып коюшту.

Ал арада бети-башы кызыл-ала кан болгон менин  жолдошум Чыңгыз Молдокеев ордунан турганга үлгүрдү. Колунан бычагын алдырган Чыңгыз Айманбаев барсеткасынан бир темир нерсени алып чыгып аны менен Молдокеевдин сол бешенесине чапты. Кан жайыла түштү. Аңгыча Чынгыз Айманбаев менен кошо келген эркектердин бири менин жолдошум Чынгыз Молдокеевдин артынан келип, эңкейе калып, эки бутун кучактап артка тартканда жолдошум бети менен жерге жыгылды. Чынгыз Айманбаев кайрадан башка-көзгө тепкилеп кирди. Дагы бир кишиси тепкилеп туруп сыртка чыгып кетип, кайра кирип тепкилеп жатты.

Аңгыча 4-киши пайда болду, ал кийин билсек, Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев экен. Мен ал кишиге ыйлап жатып “байке бул мушташкандарды ажыратып, милиция чакырыңызчы” деп жалдырадым. Ал болсо тескерисинче чоң муштумдарга кошулуп Чынгыз Молдокеевди уруп кирсе болобу. Көрсө Айманбаев менен Бакетаевдин балдары дос экен. Короодогу балдардын “атаманы” да ошол экөөсүнүн балдары экен. Бакетаев “Айманбаевди тааныбайм, мушташкандарды гана ажыраттым” деп жанын жеп жатат. Бир табакташтардан. Кошуналар көбөйүп чыгып, менин жерде жаткан жолдошумду тепкилеп жаткан Чынгыз Айманбаевден арача түшүп, аны токтотушканда. Чынгыз Молдокеев ордунан туруп сыртты көздөй качып баратса, уяты жок вице-мэр Алмаз Бакетаев артынан муштап калып жатпайбы. Эми болсо актанып, “мен аны ажырытып, сыртка түртүп чыгардым” деп кудайдан коркпой жанын жеп жатат. Мэриянын басма сөз кызматын, мамлекеттик кызматты пайдаланып бизди жамандатып, өздөрү алышып, кесип-жасаган видеону таркатып жатышат.

Жолдошумдун артынан сыртка чыгайын десем мени тиги зөөкүр үч аял коё беришпейт. Араң, кошуналардын жардамы менен бошоп сыртка чыксам, Чынгыз Молдокеев 20 метрдей ары басып барып көзү тунарып жерге отуруп калган экен. Арачылардан бошонуп чыккан УКМКчы Чынгыз Айманбаев чуркап барып олтурган жеринен тепкилеп кирди. Кайра ызы-чуу башталды. Арачылар кайра келди… Менин жолдошумду ажыратып, үйгө алып кирип, “тез жардам” чакырдык…

Аңгыча Бакетаев чакырбай койгон милицияны башкалар чакырган экен, акыры милиция да келди. Мен арыз жазам деп милицияга дароо эле билдирдим. Ошол арада 6 айлык баламды ыйлап жатат дешкенинен үйгө кирип-чыкканымча Бакетаев “биз сүйлөшүп алдык, эч ким арыз жазбайт” деп калп айтып, милицияны кетирип жибериптир. Бакетаевде такыр уят жок, калпычы киши экен. Эми уялбай баарын тескерисинче айтып, актанып жатат.

Биринчиден, УКМКчы Чынгыз Айманбаев менен вице-мэр Алмаз Бакетаевдин 11-12 жаштагы балдары менин алардан алда канча кичүү 7-9 жаштагы балдарымды уруп кетишти.

Экинчиден, 1-үйдө жашаган Чынгыз Айманбаев биздин 5-үйгө достору менен келишип, биздин подъездде бизди сабап кетип жатышат.

Үчүнчүдөн, эмнеге булар чөөлөрчө топтошуп алып, бир жалгыз кишини сабашат? Ушул эркекчиликке жатабы?

Төртүнчүдөн, эмне үчүн вице-мэр кызмат абалынан пайдаланып, чакырылган милицияны артка кетирип жиберет?

Бешинчиден, Чынгыз Айманбаев жана Алмаз Бакетаев мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген адамдар экен, эгер биз тараптан кандайдыр бир укук бузуу болсо эмне үчүн алар мыйзам түрүндө укук коргоо органдарына кайрылбай, бандиттерче келишип, бизди сабап кетишет? Ушундай адамдар мамлекеттик кызматтарда иштегенге татыктуубу? Эмнеге аларды алигиче спирт ичимдиктерин ичкендиги боюнча экспертизадан өткөрүшпөйт? Алар ал күнү соо эмес болчу,” – деди Ширин Санжарова.

Булак: KyrgyzToday.kg