Гонкондун автономиясына «шеек жаратып» жаткандыгы үчүн америкалык бийлик кытай саясатчылары менен Гонконг өкүлдөрүнө каршы бир катар санкцияларды киргизет жана ал Дональд Трамптын айтуусу боюнча «катаал жана олуттуу» болмокчу.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай  Кытай «бир мамлекет – эки система» формуласын «бир мамлекет – бир система» формуласына алмаштырып алды. Ошол себептүү, мен Гонконгго карата артыкчылык берүүчү жеңилдиктерди токтотуу процессин баштоо тууралуу өз администрацияма көрсөтмө бердим. Тилекке каршы, Кытай Гонконгдун коопсуздук жаатындагы кырдаалдарына жекече контролдук кылуу менен «мурда кабыл алган милдеттемелерин бузду. Бул бүткүл Кытай, Гонконг жана дүйнө жүзүнүн жашоочулары үчүн трагедия болуп саналат» — дейт, — Ак үйдүн кожоюну.

Белгилей кетсек, аптанын башында өлкөнүн негизги мыйзам чыгаруучу органы болуп саналган  Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйналышы «Атайын административдик район болуп саналган Гонкондун уулуттук коопсуздугун камсыздоо, укуктук системасын жакшыртуу жөнүндө» Мыйзам долбоорун караган. Америка жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн пикири боюнча атайын Гонконг үчүн иштелип чыккан бул документ сепаратистик ишмердүүлүккө жол ачат жана буга чейин Британия менен Кытай тарабынан кол коюлган «Гонкондун автономиясы тууралуу декларациянын» жоболоруна каршы келет.