Окурмандардын келген каттарды жарыялоону улантабыз. Бул жолку каарманыбыз турмушта оор сыноолорду кечирип жаткан жаш келиндин баянын сиздерге сунуштайбыз. Эскертүү кат өзгөртүүсүз берилет.

Сөздү эмнеден башташты да билбей турам. Мен 20 жаштамын, тагдырдын мени менен ойногонубу же Аллахтын мага берген сыноосубу? Айтор билбейм, азыр өз үйүмдө турмушумдан ажырап олтурам. Жаштайыман жашоонун сыноосуна кабылып жатам. Бирок баарын сабырдуулук менен жеңип келе жаткам, эми азыр эмне кылышты билбейм. Бир жыл мурун гана жаркыраган келин болдум деп сүйүнүп ичиме батпай, бакытка балкып жүргөн учурум болчу. Эми мынтип ойлорум менен өзүм калдым. Турмуштун ыссык суугун көргөн эжелерден кеңеш күтөм.

Мен жогорку окуу жайын бүткөң кызмын. Жоолук салынып, намаз окуп парздарымды аткарып жүргөн бир пендемин. Былтыр феараль айында жолдошум экөөбүз баш коштук. Жолдошум Оштон болот, мен түндүк тараптан болгонум учун жакшы кабыл алышпады. Кайненем кулагыма сөйкө да салбады, ачуу басарына бир аз гана акча берип,той да кылышпады. Же келиним деп үстүмө кийим деле алып беришпеди. Оюмда мейли шартына карайын деп унчукпадым.

Бир ай өтпөй жолдошумдун чыныгы жүзү ачылды кол көтөрүп, оозго алгыс сөздөр менен мени уруш чыгара баштады. Мейли бири-бирибизди түшүнбөй жаткандырбыз деп унчукпадым, сабыр кылдым. Жолдошум аскер адамы болгондугу учун башка шаарга көчүп кеттик. Мына эми баары башкача болот деп ичимден сүйүндүм, бирок алдыда эмне күтүп турганын билгенимдечи. Турмуш деген ушул турбайбы, негизи адамга жакшылык жакпайт экен.

Кийими таза, тамагы алдында даяр, келгенине боёнуп, татынакай болуп күтүп алам. Бирок ошондо да бир арзыбаган нерсе учун уруш чыгарат, кол көтөрүп урат, сөгөт. Чоң муштуму менен мурдума муштап кан жалап жатып калганымдада жаныма келип мени карап койбоду. Баарына чыдадым. Үстүмө кийимим деле жок, колумда телефонум жок.

Июль айына чейин апам алып берген бир халатты кийип жүрдүм. Кайын журтума ар жума барабыз. Кайнатам ичет, ичип алып эмне кылсамда кирише берет, сөгөт, кыйкырат. Бир күнү палоо бышырып берип астына койдум, мен майлуу аш жеймин бул эмне деген тамак деп астында турган ашты төгүп салды. Варенье жабам десем да сөгүп вареньенди төгүп, банкаларынды сындырып салам деп кыйкырчу. Үй-бүлөм бузулбасын деп баарына чыдадым. Андан көп өтпөй эле жумушка орноштум, айлык маянамды алган сайын тамак-аш, батирге кетет, кайнене кайнатама алып барам, акырында өзүмө 1 сом да калбайт. Жолдошумду банктан насыясы бар экен ага кетет.

Айтор сөзүмдүн аягы өзүмдүн иштеген акчам өзүмө буйрубады. Келин болуп бакыт таппадым, жолдошум жумушумда да тынч иштетпеди. Уруп жүрүп башымды да оорутту. Мына бүгүн үйүмө келгениме 1 жума болду. Жолдошум чалып да койгон жок, бир жыл бою үй-бүлөнүн арабасын мен тарттым, жаманын жашырып жакшысын ашырдым. Анын ордуна эмне алдым? Эч нерсе жаш башыма ушунча кайгы түштү. Айтыныздарчы эми мен бактылуу боло аламбы? Кийинки жашоом кандай болот?
Кантип баарын унутуп жаны жашоо баштай алам?