Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери 59 жаштагы Исмаилов Альберт Жумабекович 2-июнда коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Исмаилов Альберт Жумабекович саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, Республикалык штабдын атынан анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз«,-деп айтылат маалыматта.