“Дордой” клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев операциядан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Кыргыз Футбол Бирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, акыркы алты айда футболист тизеси ооруганын айтып келген.
“Операция ийгиликтүү аяктады. Мен сезон башталганга чейин ордума кайтып келем деп үмүттөнөм ”, – деген футболчу.

Мирлан Мурзаев – Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу, футболчулардын бири.